• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кичи дүкөн ээлери кассалык аппараттын коюлуусуна каршы чыгышты

28 Бирдин айы 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-февралда өкмөт үйүнүн алдына Бишкек шаарында кичи соода дүкөн иштеткен ишкерлер көзөмөл кассалык аппаратынын коюлуусуна каршы тынчтык митинг өткөрүштү.

Алардын айтымында, кассалык аппараттын коюлуусу майда ишкерлерге кыйынчылык жаратат.

«Биз кассалык аппаратынын орнотулуусуна каршы чыктык. Себеби, биз азык-түлүк продукциясын сатабыз. Алар учурда кымбаттады, эсептеп көрсөт айлануу 8 миллион сомдон ашат экен. Биздики майда дүкөндөр, карызга беребиз, кассалык аппарат менен иштөө кыйын болуп жатат. Патент менен араңдан-зорго иштеп жатканбыз, ошону эле калтырса жакшы болмок», — дейт акциянын катышуучусу.

Алар кошумчалагандай, кассалык аппарат орнотуу майда ишкерлердин чөнтөгүнө ашыкча кол салуу болуп калат.

Количество просмотров: 239