Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV
Сокулукта кичинекей баласы бар болгону үчүн кошуналарынан жаңжал чыгарбоону суранган атаны кошунасы бычак сайып өлүмгө кириптер кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 11-декабрында болгон. Милицияга кечки саат 18:25тер чамасында Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринде тургундун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Көкүрөк тушуна жана ичине сайылган бычактан жаракат алып каза болгон адам 28 жаштагы Б.Т. аттуу Новопавловка айылынын жашоочусу экени аныкталган.
Кылмышка шектүүкатары 34 жаштагы И.У. аттуу жаран кармалган. Шектүү мас абалында аялы менен уруш чыгарган. Кошуналарына жаңжал угулуп тургандыктан,алар ымыркайы кичинекей экенин айтып, ынтымакта болуп, бир пикирге келүугө чакырган. Шектүү кошунасы менен да чатакташа кетип, аны сыртка сүйлөшүүгө чакырган. Маркум эшикти ачар замат аны бычактап жиберүүгө үлгүргөн. Факты боюнча»адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө жана териштирүү иштери жүрүүдө.