Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн канаттуу ракетанын калдыктары турак жайга кулап түшүп, көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу видеону Киев мэри Виталий Кличко соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Тез жардам унаалары адамдарды ооруканаларга алып барууда, деп жазат Кличко.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын кесепетинен үч адам жабыркап, алардын биринин абалы оор экени кабарланды.