• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

10 Аяк оона 20249:54 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду”, — деди ал.

Ал кошумчалагандай, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болуп, учурда жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө.

Количество просмотров: 103