• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт

1 Аяк оона 201820:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.09.2018.Govori.TV.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кийинки жолу Түркия өлкөсүндө уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жолугушуусунда айтылды.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоодо жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн олуттуу жардам үчүн Түркия Республикасына жана Эрдоган мырзага ыраазычылыгымды билдирем», — деди С.Жээнбеков.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарын уюштуруп, өткөрүү иштерин Түркияга берүү маселеси каралып жатканы айтылган болчу.

Түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган эртең, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.

 

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 53