2025-жылы Бишкек шаарындагы 11 борбордук көчө оңдолот. Бул тууралуу борбордун жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин кызматкери Азамат Осмоналиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Быйылкы жылы баш калаадагы алты борбордук көчө оңдоп түзөөдөн өтүүдө.
“Эреже боюнча 7-8 жылда бир жолу капиталдык оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүшү керек болчу, бирок мындай иштер жүргүзүлбөй, жаздын келиши менен көчөлөр кейиштүү абалга келген. Өзгөчө суроо-талапка ээ болгон борбордук жана эң кыймылдуу көчөлөрдү жасап жатабыз”, — дейт Осмоналиев.