• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ким саткын? Атамбаевдин партиясынын чыры

23 Бугу 2020 19:57 Бишкек Govori.TV

Акыркы убакта КСДП партиясынын ичинде ажырым пайда болгону айтылууда. 15-күнү Кой-Ташта Атамбаевдин уулдары жыйын өткөрүп, партиянын саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчилик маселесин карап чыгуу тууралуу сөз кылганы кабарланган.

В Кой-Таше прошла партийная встреча социал-демократов. Обсуждена текущая общественно-политическая ситуация в стране, а…

Опубликовано Темирланом Султанбековым Пятница, 15 мая 2020 г.

Мына ушул сыяктуу партиянын жыйындарына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева чакырылбай калганы тууралуу маалымат ЖМКларда жарыяланган. Буга байланыштуу КСДПнын саясий кеӊешинин мүчөсү Адиль Турдукулов басылмаларга берген маектеринин бирин өздүк баракчасына жарыялаган.

Мындан көп узабай, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина коомчулукка ачык кайрылуу жасап, анда Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодуранованы кошпой жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” партиясын түзүп, каттоодон өткөрүшкөнүн жарыялады.

ОТКРЫТОЕ ОБРАЩЕНИЕ .Сегодня, 21 мая 2020 года вышло очередное заявление Адиля Турдукулова в средствах массовой…

Опубликовано Irina Karamushkina Четверг, 21 мая 2020 г.

КСДПнын дагы бир өкүлү Рита Борбукеева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеид, Кадыр менен бирдикте депутат Карамушкина ,Темирлан Султанбеков баштаган КСДПнын мүчөлөрүнүн жасаган иштерин айрым ичи тарлар жамандап жазып жатышканын фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Ошол эле учурда «мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынганга чейин анын айланасында жүргөн Кундуз Жолдубаева, Адиль Турдукулов, Асель Кодуранова, Кундуз Ажибекова, Назгүл Мамытовалар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн Атамбаевди сатып, бийлик менен кызматташкан» деген маалымат социалдык тармактагы «Акыйкат» баракчасына жарыяланды.

Ал эми Кундуз Жолдубаева Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу расмий билдирүү таратыла турганын 22-майда «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, билдирүү жакында өтө турган саясий кеңештин жыйынында талкууланат.

«Партиянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 18-майда катчылыкка жыйын уюштуруу тууралуу тапшырма берген. Ошондон кийин расмий билдирүү таратабыз», — деп билдирген Жолдубаева.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушундагы лидер партия болуп саналган КСДП мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы саясий тиреш учурунда да экиге бөлүнгөн.2018-жылы түзүлгөн «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду Юстиция министрлиги 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн.

Количество просмотров: 199