• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев КСДПдан чыгарылды

30 Баш оона 2018 10:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.08.2018.Govori.TV.
Кечээ  КСДПнын саясий кеңеши жыйында депутат Кожобек Рыспаев партиянын катарынан чыгарылды. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Рыспаевдин өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экендигин билдиргенин айтып, депутаттын партиянын көз карашына туура келбеген кадамдарын айтты.
 «КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз», — деген депутаттын айткандары таратылган маалыматта камтылган.
Андан сырткары Рыспаев сөз жүзүндө Бишкек ТЭЦинде болгон кынтык иштерге абдан каршы чыгып жатканы менен, бирок көпчүлүк «авариянын башкы күнөөкөрү» деп атаган Бишкек ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун ачык эле колдоодо деген туруктуу пикир жаралган- деп кошумчалады.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев партиядан негизсиз чыгарышканын жана себептерин айтпаганын билдирген.
Количество просмотров: 38