• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков: КСДПдан унчукпай басып кеткендер, сатып кеткен менен барабар

23 Үчтүн айы 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө «Биримдик» деген партия түзүлүп, парламенттик шайлоого кам көрүп жатышат деген маалыматтар желдей тарап, КСДП фракциясынан дагы депутаттар бар экени айтылган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өзүнүн пикирин билдирди.

“КСДП” партиясынын тагдырына сот чекит кое элек. Соттун өкүмүнөн кийин гана партия мүчөлөрү башка партияга бара тургандыгы тууралуу айтып кетсе болмок. Учурда фракциянын мүчөсү болуп туруп, кантип башка партияны жетектегенге болот? Моралдык жоопкерчилик деген бар. Бул кемеден качкан келемиштен айырмасы жок,-деди Момбеков.

Количество просмотров: 294