• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кинорежиссер Болот Шамшиев, окуучулар менен жолугушат

5 Тогуздун айы 2018 10:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.10.2018. Govori.TV
 Бишкек шаарынын окуучулары менен студенттери 9-октябрь күнү кинорежиссер Болот Шамшиев менен жолугушат. Бул маалыматты Россиянын Кыргызстандагы Илим жана маданият борбору кабарлады.
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жолугушуу иш-чарасы    Алыкул Осмонов атындагы борбордук китепканада өтөт. «Шамшиев жаштарга жазуучу менен кантип таанышканын, «Ак кеме» тасмасы кантип тартылганын айтып берүүсү күтүлүүдө. Окуучулар бул тасмадан үзүндү жана «Орозкулду соттоо» театрлаштырылган сценкасын көрө алат», — деп айтылат билдирүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары — Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана менен Кыргызстандагы «Россия кызматташтыгы» өкүлчүлүгү болуп эсептелинет.

Количество просмотров: 23