• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кинорежиссер Эмил Атагелдиев каза болду

25 Баш оона 202420:21 Бишкек Govori.TV

Таланттуу пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев 48 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары Фейсбукка жазышты.

Атагелдиев рак дартына чалдыгып, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж болгон. Жазында дарыгерлер 3-4-стадиядагы онкологиялык дарты (остеосаркома) бар деген диагноз коюшкан. Буга чейин музыканттын саламаттыгы жөнүндө айтып чыккан кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурашкан.

Асылган ооруу кыргыздын дагы бир талантуу мыкты уулун алып кетти.

Эмил музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган.

1994-1998-жылдары Москвадагы Гнесина атындагы музыкалык академияда окуган. 1999-жылы Париждеги Альфред Корто атындагы Жогорку музыкалык мектептин аспиранты болгон.

2001-2007-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында атайын фортепиано кафедрасында сабак берген.

Кино тармагында дагы билимин өркүндөткөн.

2014-жылдан бери Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү. Ошондой эле Борбор Азиядагы Америка университетинин Телеберүү, кино жана медиа-искусство факультетинин мугалими болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 1170