• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кинотеатрларды ачуу сунушталууда

27 Тогуздун айы 2020 11:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өлкөдөгү кинотеатрларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жөнөттү.

Министрлик, кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин токтотулгандыгын билдирип, болжол менен 8 айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууларга келгендигин маалымдайт.

Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келүүдө. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери аталган кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерлерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек, бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир берип жатат. Узак убакытка созулган акысыз токтоп калуу аларды башка жумуш издөөгө мажбурлоодо, ал, кино тейлөө чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жоголушуна алып келүүдө. Ошондой эле, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон кинотасмаларды ижарага алуу жана кинотасмаларды сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер да бар.

Белгилей кетсек, өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.

Маалымат үчүн: 2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100,0 млн сом суммасында бюджеттин толтурган.

Количество просмотров: 76