• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Киркоров бекер ырдайбы? Акчага ырдаса канча суммага ырдайт?

27 Баш оона 202417:08 Бишкек Govori.TV


Орусиялык эстрада ырчысы Филип Киркоров баштаган ырчылар Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө келип ырдайт деген маалымат чыккандан тарта коомчулукта эки ача пикирлер айтылууда. Эгемендүүлүк майрамында белгилүү кыргызстандык эле ырчылар ырдасын же коңшулаш өлкөлөрдүн ырчылары келишсе жакшы болот дегендер бар.

Маданият министри Алтынбек Максүтов эгемендүүлүк күнү өткөрүлчү иш-чарага саясий боек сүртүлүп жаткандыгын айтты.

«Кайсы бир чоң иш-чара болуп жатса эле аны саясатка айлантканды токтотсок дейт элем. Россиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, «Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коелу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек? Маданий иш-чараны саясатташтырбай, кандайдыр бир позитивдүү нерселер менен алек болсок. Дагы бир жолу жакшынакай маданий иш-чарага саясий боек сүртүү менен алектенбегиле деп чакырып кетет элем».

Орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун гонорарын ар кыл маалымат сайттары ар кандай бааланарын жазышкан.

Teleprogramma org сайты
«В Сети есть информация, что за выход Киркорова на сцену придется заплатить от 10 до 15 млн. рублей».

Teleprogramma концерттик агенттиги
«На днях выяснилось, сколько зарабатывает певец Филипп Киркоров. Король российской эстрады получает около 10 миллионов за один выход на сцену».

disko-star.ru концерт уюштуруучу агенттиги орусиялык ырчыларга жана чет өлкөлүк артисттердин иш-чараларга катышуу үчүн гонорарларын ачык жарыялаган. Анда Филипп Киркоровдун акысы 7 миллион рубль деп көрсөтүлгөн.


«Цены в рублях, гонорары за выступления / прайс-лист звёзды российской эстрады
Тина Кароль 3000 000, Филипп Киркоров 7000 000 Хабиб Шарипов 600 000″

Чет өлкөлүк ырчыларды Кыргызстанга алып келип концерт уюштуруп жүргөн Gamma Media Group компаниясынын жетекчиси Ислам Сатаровдун Говори.ТВга айтканына караганда, Киркоров Кыргызстанга концерт койсо 100 миң евродон өйдө болот. Ал эми 40—45 минуталык иш-чараларга катышуусу 150 миң евродон жогору турат.

Ислам Сатаров: “Киркоров эч бир жакын досуна (чоң эл аралык шоу бизнес чөйрөсүндө дос деп олигархтар гана айтылат) дагы бекер ырдаганын уккан да, көргөн да эмесмин, андай болушу да мүмкун эмес. Менин түшүнүгүм боюнча, аты аталбаган инвестор же демөөрчү болушу мүмкүн. Мисалы, өлкөбүз менен достук байланыш түзүү үчүн андай белектерди күтүүсүздөн жасап коюшат. Ошол себептен мамлекеттен каражат кетпегени үчүн бекер болуп калды окшойт. Бирок, чет өлкөдөн ырчылар келсе, биздин мамлекет үчүн жакшы көрүнүш, мындай иш-чараларды кубатташыбыз керек,» — дейт.

А бирок Маданият министри Алтынбек Максүтов менен президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбековдун айткандарына ишенсек, Филипп Киркоров баш болгон ырчылар Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын атайын келип куттуктап, бекер ырдап берет.

Количество просмотров: 379