• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн катарынан чыкты дейт

30 Баш оона 2018 23:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек 30.08.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүнө карата куттуктоо
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук башкы майрамы – Эгемендүүлүк Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын кабыл алынганына быйыл жыйырма жети жылдын жүзү толуп отурат. Бул жылдар аралыгында биздин жаш өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өнүгүү жолунда келатат. Арийне, мындай татаал жолдо дагы эле болсо көйгөйлөрүбүз арбын, бирок сыймыктана турган иштерибиз да аз эмес!
Бул мезгил ичинде Кыргызстан акыркы жылдарда гана толук кандуу мамлекет катары калыптана алды, артта калган, кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгып, бакубат жашоого жана туруктуу өнүгүүгө бет алдык.
Жаңы эгемен тарыхыбызда алгачкы жолу тагдыр чечээр, масштабдуу улуттук долбоолорду ишке ашыра баштадык. Атап айтканда, элибиздин аргасын кетирип, узак жылдар бою башкаларга күнкор кылып келген Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылдык. Мындан мааниси түк кем эмес транспорттук көз карандысыздыкка жетишерибизге да, буюрса, аз калды, республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жолдун курулушу жүрүүдө, совет доорунан бери тамтыгы кетип, кароосуз калган жолдорду реконструкциялап чыгып, буга чейин болуп көрбөгөндөй, жаңы жолдорду курдук.
Белгилей кетерге татыктуу дагы бир маанилүү жетишкендик – Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн чыңдоо багытында эбегейсиз зор иштер аткарылды. Мунун натыйжасында биз ар кандай тышкы коркунучтарга татыктуу каршы тура алган, согушка жөндөмдүү, мыкты камсыздалган армияга ээ болдук.
Тышкы саясат жаатында да позициябыз чыңдалды. Кыргызстан дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун, тең ата сүйлөшө ала турган, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем коргой ала турган өлкөгө айланды. Бул аткарылган иштер биздин өлкөнү кечээ жакында эле мамлекет боло албайт дегендердин кас үмүтүн биротоло таш каптырды.
Жогоруда айтылган жетишкендиктердин баарына биз Кыргызстандын элинин белсенген кайраты, күч-аракети, элибиздин сабырдуулугу жана даанышмандыгы менен жетиштик. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын чыңдоодо ар бир жараныбыздын кошкон салымы баа жеткис. Ошондуктан Эгемендүүлүк Күнү элибиздин жалпы улуттук улуу майрамы.
Количество просмотров: 32