Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда чоң концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, концертке Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Боссон («Миллиондон бир» хитинин автору) жана италиялык ырчы жана композитор Ин-Грид катышат.
Концерт кечки 10до башталат.