Орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоров Бишкектеги концертин кыргыз тилиндеги саламдашуу менен баштады. Ал бул фразаларды бир нече саат бою жаттаганын айтты.
Белгилей кетсек, Филипп Киркоровдун концерти Спорт ордосунда өтүүдө. Концерттин коноктору артисттин кыргызча бир нече фразаларды айтуу аракетин кол чаап колдоого алышты.