• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Китепканага кирүү укугунан ажыраган Бекжан. Майыптардын укугу корголобу?

8 Теке 2022 22:07 Бишкек Govori.TV

20 жаштагы Бекжан Мелисов II топтогу майып. Ал Борбордук Азиядагы эң чоң китепканалардын бири болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада убактысынын көбүн өткөрөт. Бирок 2021-жылдын март айындагы окуядан кийин Бекжанга китепканага кирүүгө тоскоолдуктар жаралган. Анда сөз башынан болсун…

Жаңжалдан кийин улук китепканачы Рыскүл Мамбеталиеванын кызыкчылыгын коргогон юридикалык компания Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо — арыз менен кайрылган. Анда келтирилген моралдык чыгымдын ордун толтуруу максатында улуттук китепканадан кызматкер 100 миң сом кенемте талап кылып жатканы маалымдалат.

«Мелисов Бекжан Мелисович «Кыргыз китеби» бөлүмүндө китепкананын иш тартибин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» китебин алып чыгууну каалаган. Бөлүмдүн кызматкерлеринин китепти калтыруу өтүнүчтөрүнө көңүл бурбай, сыртка бет алган. Мелисовдун кетип жатканын түшүнгөн кызматкер анын артынан жөнөгөн. Бирок кызматкер эки кадам таштоого үлгүргөн эмес. Себеби Мелисов Бекжан капысынан бурулуп, кызматкерди китеп менен көз тушка согуп жиберген. Китепканачы ден соолугунун кескин начарлаганын сезген. Натыйжада тез жардам кызматы чакырылган. Жогоруда айтылгандардын негизинде Мамбеталиева Рыскул Акылбековнанын кызмат учурунда ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен 100 миң сом өлчөмүндөгү моралдык чыгымды төлөп берүүнү суранабыз»,-деп жазылат арызда.

Ал эми аталган бөлүмдүн башчысы менен эмгек жамаат бул дооматтар менен макул эмес. Бөлүм башчы Гульсана Токтобекованын айтымында, китепканачы Мамбеталиевага иштен алынганга чейин жетекчилик тарабынан бир нече жолу эскертүү берилип, ошол эле учурда анын абалына да кирүү аракеттери көрүлгөн.

Улуттук китепкана арыздын негизинде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна Рыскул Мамбеталиевага байланыштуу фактыларды тактоо иретинде кат жолдошкон. Жыйынтыгында өнөкөт ооруларына байланыштуу анын каттоодо турганы жана ишке жарамсыз экендиги белгилүү болгон.

Бүгүнкү күндө китепканачы Рыскүл Мамбеталиева менен Улуттук китепкананын иши сотто каралып жатат. Процесс бир жарым ай мурун башталган. Деген менен окуя мурунку директор Бакашова Жылдыз Кемеловнанын тушунда болуп жатат.

Govori.TV мультимедиалык агенттиги бул иш боюнча экинчи тараптын да оюн угууга даяр.

Белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү күндө Бекжан Мелисовго китепканага кирүүгө уруксат берилди.

Количество просмотров: 802