• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш кабар таратты

13 Аяк оона 201914:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты.

Ага ылайык, 15-16-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 2834