• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

5 Бештин айы 2023 15:11 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 9-12-декабрларында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз
-3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Ошондой эле 12-14-декабрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -18…-23° күндүз -10…-15° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу мүмкүн.

Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24°, Ат-Башы районунда -23…-28°, күндүз -11…-16° суук, тоо этектерде түнкүсүн -17…-22°, күндүз -12…-17° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -14…19° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 4662