• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

27 Бугу 202512:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу аймактарында катуу шамал болуп, сел жүрүшү ыктымал.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 28-майдан 31-майга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну эскертет! Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болуңуз.

Кырсыкка кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Количество просмотров: 272