• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ: Кара-Балтада диний окуу жайларына өрт коопсуздугун алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

29 Тогуздун айы 2018 18:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Түшүндүрүү иш-чарасына жалпысынан 150 адам катышты. Бул ирет Кара-балта шаарындагы Куран нуру диний окуу жайынын жалпы жамаатына жана окуучуларга өткөрүлдү. Бул туурасында ӨКМ басма-сөз кызматынан билдиришти.
Анын жүрүшүндө ири объектилер өрт кырсыгын алдын алуу боюнча кенен маалыматтар айтылды.
Белгилей кетсек күз-кыш мезгили өрттүн дээрлик басымдуулугу турак жай секторлорунда катталат.
«Келип чыккан өрттөрдүн негизги себептери электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыгы, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуусу жана балдардын от менен ойноосу эсептелинет.Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жер-жерлерде алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин улантышууда»,-деп айтылат маалыматта.

На данном изображении может находиться: один или несколько человек и в помещении

Количество просмотров: 23