Бишкек.15.03.18.Govori.TV
Кырсыктан Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 353-чакырмындагы Кызыл-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «окуя 14-март күнү саат 20.30дар чамасында болгон. «Volvo» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжада машина жолдон чыгып, оодарылып кеткен» -деп жазылат.
Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.