• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ӨКМ: Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды

17 Кулжа 202218:16 Бишкек Govori.TV

 Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам саат 13:40дар чамасында Лейлек районунун Коргон айылындагы Ош – Баткен –Раззаков жолунун 320-325 чакырым аралыгына сел суулары агып, жол каттамы убактылуу жабылган.

«Саат 14:50дө ыкчам топ менен кошо Жол тейлөө ишканасынан 2 хово, 2 жүктөгүч жана 1 грейдер техникасы тартылып, саат 16:00дө Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 899