• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

23 Жалган куран 202617:12 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, 24-марттан 28-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

— Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

— Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 88-95-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);

— Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;

— Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);

— Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Кырсык болгон учурда “112” кызматына чалууну, зарылдык болбосо алыска жолго чыкпай турууну сунуштайт.

Количество просмотров: 304