Бүгүн 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сосновка постунда саат 7:20дан тарта жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизгенин кабарлады.
Чектөө Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жасалып жатат.
Ал эми Токтогул районунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат, -дейт ӨКМ.