• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт: Азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз деп тынчсызданууга негиз жок

31 Жалган куран 2020 10:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз деп тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 31-мартта тараткан маалыматта коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өттү.

Анда өкмөт башчы бүгүнкү күндөгү жагдай жылдап топтолгон көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү талап кылып жатканын айтты. Ошону менен катар кооптонууга себеп жок экенин кошумчалады:

«Чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү чечими кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Жакынкы күндөрү өкмөт бизнес коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге муктаждарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу иштерди жайылта баштайт».

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Количество просмотров: 121