• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азык-түлүк баасын себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт

2 Бирдин айы 202511:13 Бишкек Govori.TV

Азык-түлүктүн баасын себепсиз көтөрүп жиберген сатуучуларга жана ишкерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бааларга байланыштуу өткөргөн жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы 1-февралда кабарлады.

Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин белгилеп, бааларды көзөмөлгө алуу, комплекстүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын айткан.

Жыйында айтылгандай, Экономика жана коммерция министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймактарда азык-түлүк баасын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдарды түзөт. Иштин жүрүшү менен президенттин администрациясына отчет берип турат.

Количество просмотров: 241