• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өкмөт баары бир «Мегакомду» сатат,  бирок арзандатпайт…

2 Бештин айы 201714:36 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын жыйынында  Кыргыз өкмөтү “Мегакомдун” сатуу баасын төмөндөтпөйт деп билдирди.

Буга чейин “Альфа Телеком» ишканасын орусиялык ишкер Елена Нагорная сатып алары айтылган. Бирок тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе албай, кыргыз өкмөтү Нагорная менен сүйлөшүүнү токтоткон.   Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери жана анын бизнеси күмөндүү экендиги айтылган.

Эске салсак, Кыргыз өкмөтү «Альфа Телекомду» алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган. “Мегаком” былтыр 2 млрд 36 млн сом киреше тапкан.

Количество просмотров: 44