• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өкмөт башчы Баткенди кыдырат

25 Тогуздун айы 2018 14:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.
Премьер-министр Баткендеги бир топ социалдык объектилердин ачылышына катышат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн аймактагы иш сапарынын алкагында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 225 орундуу орто мектептин жана Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин жаңыдан курулган имараттарын пайдаланууга берүү аземине катышат.
Ошондой эле ал Лейлек районунун Самат айылындагы 50 орундуу бала бакча менен №48 лицейдин имаратынын да ачылуу аземине, кечке жуук Лейлек районунун 90 жылдык мааракесине катышат.
Количество просмотров: 34