• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы: Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда

20 Кулжа 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 20-июнда брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүп жатат.

«Вирус  Чүй облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында күч алып жатат.  Республикалык штаб жаңы шарттарды киргизүүгө мажбур болуп жатат. Бишкек шаарына дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул да болсо жарандарыбызды коронавирустан сактайт деген ниетибиз бар. Коомдук транспорт ишемби күнү түшкө чейин жүрөт, жекшемби күнү толугу менен токтотулат», — деди Боронов.

Кошумчалай кетсек, 20-июнга карата коронавирустун жаңы 192 учуру катталды.

Количество просмотров: 201