• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы иш сапары менен түштүккө барат

19 Бештин айы 2019 9:47 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышат.

Ошондой эле Абылгазиев жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы өтө маанилүү маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.

Количество просмотров: 114