• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өкмөт башчы коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

20 Жалган куран 2020 15:35 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тилекке каршы, өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Адамдар бийликтин сунуштарын капарга албай жатышат. Коркунучтун канчалык деңгээлде экендигин сезбей жаткандар бар. Кайрадан жарандарыбызды эл көп жыйналган жерлерге барбай, жакындарга жана туугандарга, айрыкча карыларга кам көрүүгө чакырам. Биз баарыбыз бириккенде гана коронавируска байланыштуу кырдаалды жеңип чыга турган жагдайда экенибизди түшүнүүгө тийишпиз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Количество просмотров: 166