• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Жумгалдын жаңы акимине кандай тапшырмаларды берди?

23 Кулжа 202614:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Жумгалдын жаңы дайындалган акимине бир катар тапшырмаларды берди.

Мамлекет башчысы район жетекчилигинин алдына жергиликтүү маанидеги социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү ыкчам чечүү милдеттерин койду.

Атап айтканда, жаңы дайындалган акимге ийгиликтерди каалоо менен бирге Миң-Куш аймагындагы айылдарда таштанды таштоочу жайды уюштуруу, чабандардын жайыттарынын чектерин аныктоо, районго сырттан тартылган дарыгерлерди турак жай менен камсыздоо жана башка жергиликтүү маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 50