• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт башчы Марипов талкуу жараткан Төрткүл суу сактагычы боюнча кайрылуу жасады 

7 Бирдин айы 2021 23:48 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Улукбек Марипов талкуу жараткан Төрткүл суу сактагычы боюнча видео кайрылуу жасап, буга чейин айткандарына түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрдө Төрткүл суу сактагычын, ошондой эле анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды.

«Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары мени түшүндү деп ойлойм. Бул жерде сөз ошол Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы башкы суу бөлүштүрүүчү тосмосунан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайрыма каналы тууралуу болгон. Тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурууга аракет кылышы мүмкүн. Ушул маселени биз келечекте мамлекеттин кызыкчылыгына чечиле тургандай, мыйзамдын чегинде карашыбыз керек. Баткендин эли чек арага чеп болуп коргоп келишет. Бул үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиремин.Төрткүл суу сактагычы, анын башкы суу буруучу жери боюнча дагы биздин өзгөчө ой-пикирибиз бар. Жакынкы күндөрдө Төрткүл суу сактагычын, ошондой эле анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды. Муну президент менен Коопсуздук кеңешине сунуштайбыз», — деди Марипов.

Эске салсак, буга чейин премьер-министр парламентте өкмөттүн курамы каралып жаткан кезде депутаттардын суроолоруна жооп берген. Анда ал «Баткенде Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын, тилекке каршы, алдырыптырбыз» деген сөзүн айткан. Кийиү Өкмөт дагы Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 237