• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт башчы Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат

12 Жалган куран 2021 13:08 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-13-март күндөрү жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Количество просмотров: 118