• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөт башчынын бошой элек ордуна талапкерлер арбын

20 Чын куран 2020 21:14 Бишкек Govori.TV

Буга чейин коомчулукта Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү үчүн арыз жазды деген маалыматтар тараган.

Бул маалыматка утурлай эле эл арасында айдың кептердин башы чыгып, премьерликке ким татыктуу деген суроо, талкуу жаралды. Ар кыл пикирлердин айтылуусунан соң социалдык тармакта өкмөт башчылыкка татыктуу деген эки адамдын, тагыраагы ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун жана коомдук ишмер Урмат Барктабасовдун ысымдары атала баштады.

Коомчулуктагы пикирлер ЖК депутаты Жапаровдун жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берип «өкмөт башчы болууга даярмын» деген билдирүүсү ал эми Барктабасовдун өзүнө таандык мүлктөрүн элге тартуу кылып, элге берейин деген кайрылуусунан соң пайда болгондой.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы кызматтан кетет экен деген маалыматтарга өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы жооп кайтарып, ал маалымат чындыкка дал келбейт деп расмий жооп таратты.  

Количество просмотров: 542