Министрлер Кабинети жалпы орто билим берүү системасын 12 жылдык моделге этап-этап менен көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өткөн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасын ишке ашырууну баштады.
«12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн башкы максаты – дүйнөлүк билим берүү системасына эриш-аркак теңешүү. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон 193 өлкөнүн 150сүндө 12 жылдык билим берүү системасы иштейт. Кыргызстандын мектептик билим берүүсү жаңы моделге өтсө, кыргызстандык бүтүрүүчүлөр 150 өлкөнүн эмгек жана билим рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алат»,-деп билдирди министр.
Министр Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө эмгек рыногунун талаптары абдан катуу жана өтө конкуренттүү экендигин белгилеп, эл аралык эмгек рыногу жалаң STEM илимдерине байлангандыгын кошумчалады.