Өкмөт үйүнүн алдына нааразачылык акциясына чыккан 74 жаштагы карыяны тартип сакчылары алып кетти. Бул тууралуу видео соцтармакка жарыяланды. Видеодо 2-3 милиционер карыяны жетелеп кетип бара жатканын көрүүгө болот.
ИИМ окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.
Бүгүн 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Карыя Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жашайт жана Ынтымак айыл чарба холдингинин жоюу комиссиясынын экс-төрагасы. Ал жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ага карата козголгон кылмыш ишин кароону талап кылууда.
Пенсионер акырына чейин нааразычылык билдирүүгө ниеттенүүдө. Колуна кол чатыр жана төшөк алып келген.