• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт: Кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы макулдашылды

29 Бугу 2020 18:53 Бишкек Govori.TV

Өкмөт Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо иштери тууралуу бүгүн, 29-майда маалымат берди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эки мамлекет менен чек араларды делимитациялоо боюнча иштер уланып жатат. Өкмөттүк делегациялар кыргыз-өзбек чек арасынын 95%, кыргыз-тажик чек арасынын 60% өз ара макулдашкан.

«Өкмөт автомобиль жолунун курулушун бүткөрүү, чек араны кайтарууну күчөтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүүдө.Бүгүнкү күндө Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатат.Программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 млн 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын ичинен 195 млн сом Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталат»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объекттерди куруу жана жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 110