• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт мүчөлөрү ант берди

3 Бирдин айы 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда, парламентте Улукбек Марипов жетектеген өкмөт мүчөлөрү ант берди. Ант берүүгө мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.

Ишке киришкен өкмөттүн курамы 22ден 16га кыскартылган.

Жаңы өкмөттүн курамы:

  • Премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Количество просмотров: 69