• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өкмөт маалымат жыйындарды онлайн түрүндө өткөрөт

19 Жалган куран 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында мындан ары Өкмөт маалымат жыйындарды онлайн түрүндө өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

«Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча массалык жыйындарга тыюу салынган. Өзүбүз да эрежени бузбайлы, мындан ары маалымат жыйындар онлайн форматта өтөт. Атайын бир байланыш номер иштейт. Ошол жакка журналисттер суроолорун жөнөтөт ал эми маалымат берүүчү тарап аларга онлайн түрүндө жооп берет», — деди Эсенгулов.

Количество просмотров: 48