Кыргызстандагы томолой жетим балдар 18 жашка чыккандан кийин мамлекеттен 500 миң сомдон алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.
“18 жашка чыга элек 2 миңдей томолой жетим бар экен. Буларга Айыл банктан эсеп ачып жатабыз, 18ге чыкканда 500 миң сомдон берип турабыз. Быйыл ошондойдон үч-төртөө болот экен. Булар акчаны окуу жайга же ипотекага жибере алат”, — деди Жапаров.