• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Өкмөт отставкага кетет» деген божомолдорго да чекит коюлду (Аналитика)

26 Чын куран 2019 17:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Парламент Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган Өкмүттүн ишин канча сындабасын, иш жүзүндө колдой турганын көрсөтүштү. Эки күн бою өлкөдөгү инвестициялык климат, коррупция, туризм, экология, мамлекеттик каттоо кызматы –паспорт жана уран казуунун айлансындагы маселелер депутаттар тарабынан кайра-кайра көтөрүлүп жатты. Премьер-министр эл өкүлдөрүнүн суроолоруна өзү жооп кайтарып абалды чыңалуудан коргоп тургандай түз берип жатты.

Картинки по запросу правительство кр

Өкмөттүн отчету уран казууга каршы болгон митингдерге, мамлекет башчысынын катышуусунда өткөн жыйындагы аткаминерлердин мемиреп уктаган видеолорунун жайылышына жана Балыкчынын сөгүнчөк мэринин мамлекеттик каттоо кызматына келгени менен кызыктуу болду көрүнөт. Мындай учурда албетте башкы маселелер үстүртөн каралып өтө берет.

Жогорку Кеңештин депутаты, Рыскелди Момбеков:
Отчетту угуп, бир чети күлкүм келди. Суроо берейин дедим эле, уялдым. Бардык жактан өсүш болуп атыптыр. Өсүштү өкмөт өзү эле көрбөсө, карапайым эл көргөн жери жок. Мен да көргөн жокмун. Эл көрбөгөн чындыкты мен кайдан көрмөкмүн? Сандарды айтып, «мынча өсүш болду, укмуш жыргатып атабыз» дейт. Казынабыз какшып турбайбы. Өсүш болсо, жок дегенде бир тармактын айлык маянасы көтөрүлөт эле го?

Жогорку Кеңештинде депутаты, Садык Шер-Нияз өкмөттүн отчетунда маданият тармагы алты сап менен жазылганын айтып, бөлүнгөн каражат башка тармакка караганда бир кыйла аз экенине токтолуп «өсөм деген мамлекет маданияттан баштай» турганын эскертип өттү.

Өкмөттөгү кадр маселеси да депутаттардын көз жаздымында калбады. Исхак Масалиев буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп турган Алмаз Мамбетовдун Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалышын сынга алды.


Ал эми уктаган чиновниктерге карата чаралар кечеңдеп жактанын депутаттар эскертип жатышты. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев болсо 22-апрелде Ош шаарында Президент катышкан форумда бир да жетекчи уктабаганын айтты.

Ошентип эл арасында жетелеме атка конгон парламент отчетту кабыл алып берди. Ал эми айрым депутаттардын сүйлөгөндөрүнөн алдыдагы парламенттик шайлоонун деми сезилип жатат.


Количество просмотров: 25