• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024
сүрөт sputnik.kgники

Өкмөт өрт чыккан базардын ээлери менен жолуга элек

18 Чын куран 2018 11:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV

“Өкмөт азыркыга чейин өрт чыккан Ош базарындагы базар, имараттын ээлери менен алиге чейин жолуга элек. Жакында жолугуу планы бар”. Бул сөздү ЖКдагы өрт боюнча маселени караган жыйында Өкмөт башчынын орун басар Санжар Мукамбетов билдирди.

Ал эми мэр Албек Ибраимов болсо базардын аткаруучу деректирлери менен жолукканын, алар базарды кайра куруп, ижарачыларды кайра иш ордуна коюуга макул экендигин, ижара акысында жеңилдиктер болоорун убада кылып жатканын айтты. Ош базарын жакынкы 3-4 жылда шаар сыртына көчүүрү стратегиялык планда бар, ал эми өрт кечээ чыккан “Берекет” базары бул жеке менчик жер, ал көчүрүлбөйт”,-деди мэр Албек Ибраимов.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкектин Ош базарындагы жана Жалал-Абаддагы борбордук базардын өрттөнүшү боюнча палатада Өкмөттүн маалыматы угулууда.

 

Количество просмотров: 23