• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт жакынкы өлкөлөрдө коронавирус көбөйүп жатканына кооптонду

22 Аяк оона 2020 12:57 Бишкек Govori.TV

Адамдар жыш чогулган жерде жарандар милдеттүү түрдө беткап кийүү режимин жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын камсыздоого багытталган башка чараларды сактоосу керек. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда. Дүйнөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен атамекендик саламаттыкты сактоо тутуму жана башка мамлекеттик органдар коронавирустук инфекцияга кабылгандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына даяр болуусу керек.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдиргендей, тармактык органдар жана жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары жер-жерлерде түшүнүдүрүү иштерин жана адам көп чогулган жайларда, анын ичинде супермаркеттерде, базарларда, соода борборлорунда, коомдук транспортто беткап кийүү режимин кармануу боюнча ишти күчтөндүүрүүсү тийиш. Мындан тышкары, санитардык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштерин күчтөндүрүшү керек.

Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлору, супермаркеттер жана көңүл ачуучу жайлар тепловизор жана санитайзерлерди орнотуп, келгендерге беткап кийүүнү талап кылуусу керектигин билдиришти. Облус жана райондук администрациялар жетекчилерине соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус аба аркылуу жугарын жана өтө жугуштуу экендигин эскертип, кыргызстандыктарды ден-соолугуна кам көрүүгө, беткап кийүүгө жана социалдык обочолонууну сактоого жана санитайзерлер менен колдонууга чакырды.

Кеңешменин катышуучулары ошондой эле коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүү жана аталган маселе боюнча административдик мүнөздөгү таасир этүү чаралары жаатындагы башка мамлекеттердин тажрыйбасын пайдалануу мүмкүндүгүн талкуулады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков тармактык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөшүүдөгү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө жана эпидемиологиялык абалды жакшыртуу чаралары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 71