• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт Жапаровдун эл менен жолугушуусунда санитардык эрежелер толук сакталып жатканын айтты

3 Жетинин айы 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактардын тургундары менен жолугушуусунда тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

2-4-ноябрында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары каралган. Сапардын жүрүшүндө жергиликтүү калк менен жолугушуулар орун алып, алар өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу ыкчам чечимдерди талап кылган көптөгөн суроолорго жооп алууну көздөшүүдө.

«Кеңири форматтагы жолушуулардын жүрүшүндө Садыр Жапаров чекара маселелери жана башка калктын муктаждыктары менен жеринде таанышууда. Ал алыскы райондордон жеке жолугушуу үчүн келген жарандарды угууда.   Белгилесек, аймак жашоочуларынын көптөгөн көйгөйлөрү узак мезгилдлер бою чечилбей келген жана буга окшогон жолугушуулар өлкө жетекчилигине калктын көйгөйүн жакындан билүүгө шарт түзөт. Ошол эле укчурда коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларга олуттуу мамиле жасап, аймактарда анын жайылышына бөгөт коюу чараларына басым жасоо керек. Буга байланыштуу Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жарандар иш-чаранын алдында коргоочу маскаларды жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды бекер алышууда. Натыйжада, президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактар боюнча жумушчу сапарынын учурунда жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо боюнча тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус илдети күч алып турганда Садыр Жапаровдун аймактарда көп сандаган эл менен жолугушуусу коомчулукта нааразылык жараткан болчу.

Количество просмотров: 69