Бишкек 21.03.2018 Govori.tv
Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Мусабеков Алмазбек Обосбекович Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары, уюштуруу жана аймактык башкармалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Алмазбек Мусабеков мурда Стратегиялык иликтөө Улуттук институтунун директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.
Ошондой эле Сапар Исаковдун буйругу менен Өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Маматканов Эркин Уланович ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Супаналиев Бекжан Төрөбаевич дайындалды.
Премьер-министр Сапар Исаковдун башка буйругу менен Эсеналиев Максатбек Күлчороевич Өкмөттүн аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ордуна Абдыкадырова Жеңишгүл Дүйшөнакуновна дайындалды.