• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өкмөттүн басма сөз кызматына жаңы жетекчи дайындалды

3 Жалган куран 202118:04 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп Толкун Камчыбекова дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун «Кабар» агенттигине өкмөттөн билдиришти.

Толкун Камчыбекова буга чейин «Кыргызалтын» ишканасынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.

Эскерте кетсек, Камчыбековага чейин өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчы кызматында Бакыт Рысалиев иштеп келген.

Количество просмотров: 144