• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү катары Алмасбек Абытов дайындалды

4 Аяк оона 2019 10:59 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү катары Алмасбек Абытов ишин баштады. Бул тууралуу 4-сентябрдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Өкмөттүн парламенттеги буга чейинки өкүлү Ашырбек Темиралиев быйыл июль айында каза болгон.

Алмасбек Абытов 1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында туулган.

Билими жогорку. 1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын аспирантурасын аяктайт. 2006-жылы Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетин экономист-математик адистиги боюнча бүтүргөн.

Техникалык илимдердин кандидаты. 3-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек ишмердүүлүгү:

09.1988-07.1993 Кыргыз Республикасынын ИА Машина таануу институтунун автоматтар жана пресстик комплекттер лабораториясында инженер, ага инженер, кенже илимий кызматкер;

11.1990-07.1993 Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын аспиранты;

07.1993-05.1994 Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын Президентинин жардамысы;

05.1994-07.1995 Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай экономикасы башкармагынын машина куруу жана конверсиялар бөлүмүнүн жетекчиси;

07.1995-06.1996 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

06.1996-07.1998 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Аппаратынын Жалпы бөлүм башчысы;

07.1998-05.2000 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекичиси;

05.2000-04.2005    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;

04.2005-02.2008 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин ишин камсыздоо бөлүм башчысы;

02.2008-11.2009 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экономика, бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

11.2009-12.2010 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

12.2010-12.2011 Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;

03.2012-06.2015 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

06.2015-10.2015 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;

09.2016-02.2019    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти;

02.2019-07.2019     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлүнүн орун басары;

30.07.2019-ж. азыркы кезге чейин    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

Количество просмотров: 46