• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Өкмөттүн жаңы курамын Жогорку Кеңеш жактырды

20 Чын куран 2018 17:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.04.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып,  «макул» деп добуш беришти.

Жаңы курамдын программасы «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди.

Жактырылган өкмөттүн курамы:

Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;

Экономика министри – Олег Панкратов;

Финансы министри – Адылбек Касымалиев (буга чейин иштеп келген);

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге (буга чейин иштеп келген);

Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (буга чейин иштеп келген);

Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (буга чейин иштеп келген);

Юстиция министри – Айнур Абдылдаева (буга чейин иштеп келген);

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (буга чейин иштеп келген);

Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (буга чейин иштеп келген);

Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (буга чейин иштеп келген);

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов (буга чейин иштеп келген);

Байланыш жана маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси – Идрис Кадыркулов.

Количество просмотров: 27